АРЕАЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:14, 30 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРЕАЛ (лат. area – аянт, мейкиндик) – жаныбарлардын ж-а өсүмдүктөрдүн белгилүү түрү, уруусу ж-а тукумунун жер бетинде таралган аймагы. Андагы түр ошол аймактын бардык жеринен кездешсе – т у т а ш, аймакта түрлөр топ-топ болуп бөлүнүп кездешсе – үзгүлтүктүү А. деп аталат. А-дын аянты ар түрдүү, мис., ай�­рым түрлөр чакан аянтта (тоо чокусу, арал, капчыгай, көл) гана, башкалары өтө кеңири таралып, бир нече материкте, аймакта жашайт. Кээ бир түрлөр (дан өсүмдүктөрү, таранчылар) Жер шарынын бардык булуң-бурчунда таралал­ган. Булар космополиттер деп аталат. Аны үйрөнүү фауна м-н флораны аныктоодо чоң мааниге ээ. А-ды изилдөө картага түшүрүү м-н жүргүзүлөт.т.