АРХАИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

(гр. archaikos – эски, байыркы) тарыхый өнүгүштө кандайдыр бир кубулуштун алгачкы этабы. Иск-во илиминде байыркы грек арх-расы м-н сүрөт өнөрүнүн алгачкы мезгили (б. з. ч. 7-6-к.). Бул доордо грек арх-расы, курулушу ж-а мад-ты тез өсүү м-н шаар куруу принциптери, турак үйлөрдү ж-а коомдук имараттарды салуу, көркөм жасалгалоо өнүккөн. Мис., Хеопсанын, Хефрен ж-а Милесанын зор пирамидалары, Ауксор м-н Карнактын ж-а Афиныдагы Парфенон, Эрехтейон храмдары ж. б. Археол. изилдөөлөрдө Кырг-нда табылган байыркы ж-а о. кылымга таандык тиричилик, жасалга, курулуш буюмдары да А-га кирет.