АРГО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:17, 28 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРГО... (фр. argot) – социалдык топтун жалпы улуттук тилден айырмаланган өзгөчө кесиптик тили; жаргон м-н окшош. Негизги максаты - коммуникация предметин коомдук чөйрөдөн өзгөчөлөнтүп, шөкөттөп, жашырып берүү. Арго термин катары көбүнчө тар мааниде колдонулуп, кылмыш чөйрөсүндөгү элементтердин баарлашуу ыкмасы катары каралат. Арго өзгөчө грамматикалык түзүлүшкө ээ эмес, лексикалык курамы б-ча айырмаланса да, жалпы тилдик мыйзамдарга баш иет.ет.