АРГИЛЛИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:19, 6 Июнь (Кулжа) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(гр. argillos – чопо, lithos – таш) -

диагенез ж-а эпигенез процесстеринде чопонун ныкталып, нымсызданып ж-а цементтелишинен пайда болгон катуу тоотек. Сууда эзилбегендиги ж-а катуулугу м-н чоподон айырмаланат. Цемент, керамзит, курулуш карапасын алуу материалы катары колдонулат. А-тер көбүнчө көмүр м-н нефть кендери бар жерлерде жолукандыктан, жер бетинде алардын жайгашуусун ж-а таркалышын изилдөөнүн мааниси чоң.