АРБАЛЕТ
Jump to navigation
Jump to search
(фр. Arbalete, лат. arcus – жаа,
ballista – атуучу курал) – тептирге тартылган
жаанын потенциалдык энергиясын колдонуп,
жебе, таш м-н атуучу курал. Анын атуу аралыгы 50–150 м'. Ал болжол м-н б.з.ч. 4-к-да Кытайда жасалган, Байыркы Грекияда «гастрофет»
деген ат м-н белгилүү болгон. 10–16-к-да Европада согуштук А-тер колдонулган. А. жаясы
(уз. 1 м) ар кандай жыгачтан, сөөктөн, 15–16-
к-да атайын механизм м-н атылуучу А-тин
жаасы болоттон жасалган. Мындай А-тин сокку күчү 300–500 кг болуп, жаа зоот кийимдерди
оңой тешкен. О. эле таш ж-а чоң жебе атуу үчүн
жаасы 1,5–2 м А. пайдаланылган. Акыркы убакта А. аңчылык ж-а спорттук болуп бөлүнөт.
Алардын сокку күчү 35–70 кг.