АРАШАН КАПЧЫГАЙЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:21, 30 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАШАН КАПЧЫГАЙЫ-- Тескей Ала-Тоонун түн. капталында. Арашан суусу аккан багытта түштүктөн түндүккө карай 30-33 кмге созулат.

Алтын-Арашандын тушу.

Таманынын жазы жери 2–3 км, кууш жери 500– 800 м, деңиз деңг. бийикт. 2300–2700 м. Өрөөн байыркы мөңгүнүн аракетинен, суу эрозиясынан ж-а үбөлөнүүдөн пайда болгон. Жогорку бөлүгү төрлүү (трог) келип, байыркы мөңгүнүн мореналарынан турат. Ортонку ж-а төмөнкү бө�ө­лүгү кууш, V формасында. Таманында ж-а тоо капталдарында карагай токойлорунун ири мас�­сивдери бар. Шалбаалуу талаа, бийик чөптүү шалбаа зоналары басымдуу. Минералдуу ысык булактар чыгат. Балдардын � Ак-Суу санаторийи бар. Жайкы жайыт. Ил., окуу-тарбиялык ж-а рекреациялык мааниси чоң.�.