АК-ТҮЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
‒ Чүй обл-нун Кемин р-ндагы кыштак, Ак-Түз айыл аймагынын борбору. Кичи Кемин өрөөнүндөгү Ак-Түз капчыгайынын төрүндө,

деӊиз деӊг. 2300 м бийиктикте жайгашкан. Кыштак ушул жердеги түстүү металл кендерин өздөштүүрүнүн натыйжасында 1938-ж. отурукташкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Кемин шаарынан 45 км, Токмок ш-нан 80км, Бишкек ш-нан 140 км чыгыш тарапта. Калкы 910 (2005). Ак-Түз мамл. акционердик коому, «Айнур» з-дунун филиалы иштейт. Орто мектеп, оорукана, бала бакча, 2 китепка на бар.