АРАЛАШ ЭГҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:03, 16 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАЛАШ ЭГҮҮ – бир эле аянтка өсүмдүктүн эки же андан көп түрүн өстүрүү. Эгилүүчү өсүмдүктөр ж-а аларды өстүрүү ыгы туура тандалса, жөнөкөй эккенге караганда түшүм арбын алы­нат. Мындай эгүү көп жылдык ж-а бир жыл­дык өсүмдүктөрдө көп колдонулат, мис., бедени жүгөрү, сулу, арпа м-н же бир жылдык өсүмдүктөрдү, мис., кара буудайды, жер буурчак, буурчак м-н, арпаны жер буурчак, буурчак м-н эгүү. Бул өсүмдүктөрдү эгүү мөөнөтү аларр­дын өзгөчөлүгүнө жараша ар түрдүү.