АРАЛ кыштагы Токтогул району
Jump to navigation
Jump to search
АРАЛ– Жалал-Абад обл-нун Токтогул р-ндагы кыштак. Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу. Жалабек тоосунун түн. этегинде, Бала-Чычкан ж-а Чоң-Чычкан сууларынын ортосундагы аралда, деңиз деңг. 1020 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Токтогул ш-нан 5 км батыш тарапта. Таш-Көмүр темир жол бекети�нен 189 км. 1936-ж. отурукташкан. Калкы 1121 (2009); негизинен мал чарбасында, дыйканчы�лыкта (тоют өсүмдүктөрүн даярдоодо) эмгектенет. Орто мектеп, ФАП, китепкана бар.