АРАГУАЯ
Jump to navigation
Jump to search
– Бразилиядагы д., Токантинс д-нын
(Амазонканын алабы) негизги сол куймасы.
Уз. 2630 км, алабынын аянты 370 миң км2дей.
Бразилия бөксө тоосу аркылуу агат. Ортонку
агымында эки айрыкка бөлүнүп, дүйнөдө эң ири
дарыя аралдарынын бири – Бананалды (уз. 300
кмден ашык) пайда кылат. Төмөнкү агымы босоголуу. Суусунун орт. чыгымы 8500 м3/сек дай.
Ортонку агымында (1300 км аралыкта) кеме
жүрөт.