АРАВАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:20, 29 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАВАН (ар. арабан – арабдар отурукташкан жер деген мааниде; фарсыча абураван, абу – суу, раван – тунук суу) – Ош обл-ндагы кыштак. Араван р-нун борбору. Алля Анаров атн. айыл аймагына караштуу Ош ш-нан 30 0 км батыш тарапта, Араван-Сай суусунун боюнда, деңиз деңг. 960 м бийиктикте жайгашкан. 1870-ж. чейин отурукташкан. Калкы 8412 (2009). Өнөр жай ишканалары: «Акниет» (Араван пахта з-ду), «Ремснаб», Араван нан з-ду. Үч орто мектеп, спорт мектеби, мад-т үйү, оорукана, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу бар. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда аравандыктардын каражатына жасалган танк эстеликке орнотулган. Кыштакка жакын тарыхый эстелик – � – Араван аска бетиндеги сурөттөру сакталган.