АРАБ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН ЛИГАСЫ
09:57, 15 Июль (Теке) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
, ж а м и а т а д-д у у а л ал ь-а р а б и я – араб мамлекеттеринин өз ара карым-катнашын чыңдоо, саясий аракеттерин координациялоо, көз каранды эместигин, суверенитетин ж-а жалпы эле араб өлкөлөрүнүн таламдарын коргоо максатында түзүлгөн уюм (22. 3. 1945, Каир). Анын мүчөлөрү: Египет, Ирак, Сирия, Ливан, Иордания, Сауд Аравиясы, Кувейт, Катар, Бахрейн, Оман, Бириккен Араб Эмираттары, Йемен, Ливия, Судан, Алжир, Тунис, Марокко, Мавритания, Сомали, Жибути ж-а Палестина автономиясы. Уюмдун жогорку органы – Лиганын Кеңеши (ага уюмга мүчө мамлекеттердин мамлекет башчылары, премьер-министрлери же ыйгарымдуу өкүлдөрү кирет), аткаруу органы – Генералдык секретариат. Штаб-квартирасы – Каир ш-нда жайгашкан. Расмий тили – араб тили.