АК-ТӨБӨ ОБЛУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 Казакстан Республикасын да. 1932-ж. 10-мартта уюшулган. Аянты 300,6 миӊ км2. Калкы 830,2 миӊ (2015), адм. борбору‒ Ак-Төбө ш.

А.-Т. о. Казак Респ-сынын түн.-батышында жайгашкан. Жеринин бети негизинен түздүк (деӊиз деӊг. бийикт. 100‒200 м). Борб. бөлүгүндө Мугалжар тоосу (эӊ бийик жери Чоӊ Бактыбай чокусу, бийикт. 657 м) түндүктөн түштүккө карай созулуп жатат. Түш.-чыгышында кумдуу Арал бою, Кара-Кум, Чоӊ ж-а Кичи Барсук чөлдөрү жайгашкан. Климаты кескин континент тик. Январдын орт. темп-расы ‒16°С, июлдуку түндүгүндө 22°С, түштүгүндө 26°С. Жылдык жаан-чачыны 120‒300 мм. Аймагынан Эмба, Илек ж. б. дарыялар агып өтөт. Ири көлү ‒ Шалкардеӊиз. Түндүгүнө кара, түштүгүнө бозомук коӊур ж-а боз топурактар мүнөздүү, айрым жерлеринде шортоӊ жерлер кездешет. Табылгы, терек, кайыӊ (түндүгүндө), бетеге, шыбак (түштүгүндө) ж. б. өсүмдүктөр өсөт. Облуста казак, орус, украин, татар ж. б. улуттар жашайт. Калкынын орт. жыштыгы: 1 км2ге 1,8 киши туура келет. Облустун өнөр жайы ж-а а. ч. жакшы өнүккөн. Өнөр жайынын негизин кара металлур гия, хим., машина куруу ж-а а. ч. продуктула рын иштетүү түзөт. Маанилүү өнөр жай борбору: Ак-Төбө, Алга, Октябрск, Хромтау. А. ч-сында кайрак дыйканчылыгы ж-а жайытта багылма мал чарбасы (эт-сүт багытындагы уй, кой, жылкы, төө, чочко) басымдуу. Негизинен дан эгин (буудай, арпа, таруу) айдалат.