АРKАP ОТУ
Jump to navigation
Jump to search
АРКАР ОТУ (Dracocephalum) – өсүмдүктөрдүн эрин гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Көп жылдык чөп. Тамыр-сабактуу, сабактары 10-30 см, төрт кырдуу, тик же жерге төшөлүп өсөт. Жалбырактары узун же кыска саптуу. Түн. Америкада, Азияда, Европада кеңири таралган. Кыргызста нда 16 түрү өсөт. А. о. – балдуу өсүмдүк. Нектары
тунук, түссүз, лимон жыттуу, канттуулугу 60%ке жетет. Айрым түрлөрү дары-дармек алуу ж-a кооздук үчүн өстүрүлөт.