АППАЛАЧИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:16, 6 Июнь (Кулжа) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(Appalachian Mountains, индейлердин аппалачи уруусунун атынан) – Түн.

Американын чыгышындагы орто бийик тоолордун системасы. АКШ м-н Канаданын аймактарында түн.-чыгыштан түш.-батышты карай 2600 кмге созулуп жатат. Басымдуу бийикт. 1300–1600 м, эң бийик жери – 2037 м (Митчелл чокусу). Кырка тоолордон, өрөөндөрдөн, платолордон, бөксө тоолордон турат. Түн. А. каледон, түш. А. герцин бүктөлүүлөрүндө пайда бол­гон. А-нин түн. ж-а түш.-чыгыш бөлүгү кристаллданган, батыш ж-а түш.-батышы негизи­нен чөкмө тоо тектерден (кумдук, доломит, акиташ) турат. Таш көмүр (Аппалачи көмүр бассейни), нефть ж-а күйүүчү газ, темир, титан, асбест

АППАЛАЧИ. Орографиялык схема

кендери бар. Түн. А. (Мохок ж-а Гудзон д-нан түндүктө) – бийикт. 400–600 м болгон күдүрлүү бөксө тоо. Андан чокулары жылма, капталдары жантайыңкы Адирондак (1628 м), Жашыл тоолор (1338 м), Ак тоолору (1916 м) ж-а мае­сивдери көтөрүлүп жатат. Too массивдери тектон. өрөөндөр (кийин мөңгүнүн аракетинен төрлөргө айланган) м-н бөлүнгөн. Түш. А-нин кыр зонасы тик көтөрүлгөн Көгүлтүр кырка тоосунан (эң бийик жери 2037 м, Митчелл чокусу), көптөгөн жарыш кырка тоолордон ж-а массивдерден турат. Алар бири биринен эрозиядан пай­да болгон кенен өрөөндөр (Чоң өрөөн) ж-а чуңкурчактар м-н бөлүнгөн. Кыр зонасына чыгыштан Пидмонт, батыштан А. платолору тутумдашат. Түндүгүндө ийне жалбырактуу ж-а аралаш токой, 41° түн. кеңдиктен түштүктү карай тоо этектеринде жазы жалбырактуу токой (каш­тан, эмен, клён ж. б.). 1000 жден жогору аралаш ж-а ийне жалбырактуу токой өсөт.
Ад.: Игнатьев Г. М. Северная Америка. М., 1965; Физическая география материков и океанов. М., 1988.