АМАДУ Жоржи

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:40, 17 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) (Mariya moved page АМАДУ to АМАДУ Жоржи) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМАДУ Жоржи (10.8.1912, Пиранги – 6. 8. 2001, Сальвадор ш.) – бразилиялык жазуучу, коомдук ж-а саясий ишмер. Бразилия жумушчу кыймылынын активдүү катышуучусу. Рио-де-Жанейродо юридикалык факультетин бүтүргөн. 1961-жылдан Бразилия академиясына мүчө. «Какао» (1933), «Тер» романдарында
рокедей-дыйкандардын аң-сезиминин ойгонушун чагылдырган. «Учу-кыйырсыз жерлер» (1943), «Сан Жоржи дос Ильеус» (1944) аттуу роман-экилтигинде, «Кызыл үрөндөр» (1946), «Азаттык подпольеси» (1952), «Түн күзөтчүлөрү» (1964) ж. б. повесттери м-н аңгемелеринде рев-ячыл маанайды, эмгекчилердин турмушун, күрөшүн, образдарын реализм позициясынан чагылдырган. «Тентиген кыздын кайта келиши» (1977) аттуу романы бар. Анын чыгармалары дээрлик бардыгы орус

тилине которулган. Эл аралык Лениндик сыйлыктын лауреаты (1951).