АПИЙИМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:20, 15 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АПИЙИМ (Papaver) - өсүмдүктөрдүн апийимдер тукумундагы бир ж-а көп жылдык сүттүү өсүмдүк. 100дөн ашык түрү белгилүү, КМШ өлкөлөрүндө ЗОдан ашык, Кыргызстанда 9дай түрү кездешет. Сабагы тик, бийикт. 80-150 см, бутактанбайт, сыртынан бозомтук болуп турат. Тамыры жерге терең кирип өсөт. Ка

АПИЙИМ 14.png

нат сымал кесилген жалбырагы кезектепшп жайгашкан. Айрымдары 1ден 20га чейин богок байлайт, чоң гүлү жалгыздан, ак, кызыл, көгүш. Мөмөсү- кутуча, уругу майда, анда 48–50% май, 20% белок, быша элек кутусун кескенде чыккан сүтүндө 20дан ашык алкалоид, а. и. мор­фин, кодеин ж. б. бар. Анын пайдаланышына жараша бардык сорттору эки топко – май ж-а дары-дармек алынуучу болуп бөлүнөт. Уругу кондитер өнөр жайында колдонулат. Анын ооруну басаңдатуучу дары алынуучу түрүн Кыргызстанда өстүрүүгө БУУнун конвенциясы 1961, 1971, 1988-ж. тыюу салган.ан.