АПАХИДА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:30, 28 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АПАХИДА– 5-к-дын 2-жарымына таандык Трансильваниядагы археол. эстелик. Түн. Батыш Румыниядагы Клуж – Напока ш-нын чыгышында, Апахида кыш-нын аймагында бири биринен 250 мден 500 мге чейинки аралыкта жайгашкан үч көрүстөн. Алгач 1889-ж., кийин 1968–69-ж., 1978–79-ж. казылып, бирок толук изилденген эмес. Изилденген көрүстөндөн тереңдиги 2 2 м келген казанакта жыгач табытка салынып, башы кыбыланы каратып жаткызылган маркумдун сөөгү табылган. 1-көрүстөндө бетине рельефтүү сүрөт түшүрүлгөн 2 күмүш кумура алтын рим фибуласы, билерик, 3 шакек («omharus» жазуусу бар; монограмма; 5 крест түшүрүлгөн), асыл таш чөгөрүлүп, алтындан жасалган кооздук буюмдар ж. б.; 2-көрүстөндө оюлуп, сүрөт түшүрүлгөн айнек кубок, саптуу кылыч, бел кур, асыл таш чөгөрүлүп жасалган кооздук буюмдар, ооздук ж. б. ат жабдыктары; 3-көрүстөндө асыл таш чөгөрүлгөн алтындан жасалган кооздуктар ж. б. кездешкен. Бул көрүстөндөр жогорку катмардагы аристократтар - гепидцерге тургузулган болуу керек. Бул бай табылгалар �алар Элдердин улуу көчүү доорунда вар­вар королдуктарынын элитасынын калыптаныш мезгилинен кабар берет.