АПАТИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:16, 6 Июнь (Кулжа) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(гр. apate – алдаймын) – кальцийдин

фосфор-кычкыл туз тобундагы минерал. Хим. формуласы Са5 (F, С1) [Р04]3 Гексагон сингониясында кристаллданат. А. көгүш, жашыл, Кы­ зыл ж. б. түстөрдө болот. Айнектей жалтырап, майланышкансыл турат. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 5. Азот, туз, күкүрт к-таларында ээрийт. Курамына жараша фторапатит, хлорапатит ж. б-га бөлүнөт. Фторанатитте 42,3 %, хлорапатитте 41,1 % фосфор ангидриди (Р205) болот. А. негизинен магмалык (нефелиндүү сие­нит, гранит, пегматит), ар кандай метаморфизм ж-a фосфориттүү чөкмө тоо тектердин курамында, карбонатиттерде, кээ бир темир кенташтарында кезигет. Фосфор жер семирткичтери негизинен А-тен фосфориттен алынат. Металлургияда, карала, тунук эмес айнектерди даярдоодо да кеңири колдонулат. А-тин ири кендери Кола ж. а-нан (Хибин) табылган. Кырг-нда Кызыл-Омпол, Сандык тоолорундагы сиениттердин курамында бар. Чет өлкөлөрдө Швецияда (Кирунавара), Алжирде ж-a Мароккодо белгилүү.