АНАДОЛУ КҮРӨҢ КӨМҮР БАССЕЙНИ
Jump to navigation
Jump to search
Анадолу күрөң көмүр бассейни– Түркиядагы күрөң көмүр кендери жаткан зор аймак. Аянты 30 миң км2 дей. Анадолу бөксө тоосунун Альп бүктөлүү аймагында жайгашкан.Байыртадан белгилүү; мында 40тай кен ачылган. Көмүрдүн жалпы геол. запасы 3,8 млрд т
Кен негизинен (88%) ачык жол м-н казылып
алынат. Палеоген ж-а неогендин көмүрлүү
чөкмө тек катмарларынын арасында өтө татаал
түзүлүштөгү өнөр жайлык 5 кабат жатат. Палеоген кабаттарынын калыңдыгы 1,5-2,5 2,5 м, неогендики 5-20 м. Көмүрдүн нымдуулугу 40%,
күлдүүлүгү 15-35%, жылуулук берүү энергиясы
12–20 МДж/кг көмүр электр энергиясын алууга
пайдаланылат.т.