АМУР-САХАЛИН ӨЛКӨСҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:04, 20 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АМУР-САХАЛИН ӨЛКӨСҮ  – Ыраакы Чыгыштагы физ.-геогр. өлкө; Амур бою тоолору (ойдуңдары м-н), Приморьени Сихотэ-Алинь ж-а анын батышында жайгашкан түздүктөрү м-н кошо, Сахалин ж-а Шантар а-рын камтыйт. Анын батыш чек арасы Зея ж-а Олёкма д. алаптарынын суу бөлгүчтөрү, түндүгү Становой кырка тоосунун этеги, түштүгү Россиянын чек арасы, чыгышы Япон деңизи, Лаперуза кысыгы ж-а Охот
деңизи аркылуу өтөт. Амур-Сахалин өлкөсүнүн
өзгөчөлүгүн эрозия-денудациялык орто бийик,
жапыз тоолор ж-а аларды бөлүп жаткан тоо
аралык депрессиялар түзөт. Тоолор өлкөнүн
аянтынын 80%ин ээлеп, негизинен субмеридиан ж-а кеңдик багыттарда созулуп жатат. Түндүк орографиялык чегин Янкин, Тукурингра,
Соктохан, Жагда, Селемжа ж. б. кырка тоолор
түзөт. Турана, Бурея, Сихотэ-Алинь, Батыш
Сахалин ж-а Чыгыш Сахалин кырка тоолору
түн.-чыгыш ж-а меридиан багыттарында созулуп жатат. Too системаларынын аралыктарында
көтөрүңкү түздүктөр (Амур-Зея, Зея-Бурея),
Амур ж-а Уссури д-нын өрөөндөрүндө аллювий
ж-а көл-аллювий түздүктөрү жайгашкан. Климаты муссондук-нымдуу, мелүүн-жылуу. Карагайлуу ж-а күңүрт ийне жалбырактуу токойлуу
тайга ландшафты үстөмдүк кылат. «Марь» деп
аталган куурап бараткан кара карагайлуу саздар кыйла аянтты ээлейт. Too кыркаларында
жапалак бал карагай ж-а «гольцтор» мүнөздүү. Сихотэ-Алинь тоолорунун төмөнкү ярустарын, Амур
боюнун түштүгүн, Сахалиндин түш.-батышын
Ы. Чыгышка мүнөздүү өзгөчө ийне-жазы жалбырактуу ж-а жазы жалбырактуу токой ээлейт (алар
түздүктөрдө негизинен кыйылып жок болгон).