АКТИНОЛИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(актино … ж-а гр. lithos ‒ таш), н у р л у у т а ш ‒ амфиболдор тобундагы минерал. Хим. формуласы Ca(Mg,Аe2+) (Si4O11)2(OH) 2.. Моноклин сингониясында кристаллданат. Өӊү жашыл, айнек сымал жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 5,5‒6; с. салм. 3,1‒3,3. А. ‒ метаморфизмделген сланецтерди, скарндарды түзүүчү минералдардын бири. Тал-тал ичке булалардан турган түрү ‒ актинолит-асбест (амиант), майда кристаллча лардан түзүлгөн тыгыз түрү нефрит (жад) деп аталат. Нефрит кооздук таш катары колдонулат, актинолит-асбесттен отко, к-тага чыдамдуу материалдар жасалат.