АНТИХРИСТ –

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
христиан мифологиясы б-ча «акыр заман» болоор алдында келе турган Иисус Христостун душманы. Библияда («Иоанндын аянында»): А. Кудай тарабынан адамдарды сыноо үчүн жиберилет ж-а анын келиши согуш, ачарчылык, эпидемия ж. б. сыяктуу чоң кыргындарды алып келет. Мунун баары Кудайга болгон ишенимдин жоголушу, дин үгүтчүлөрүн куугунтуктоо ж-а адеп-ахлаксыздыктын таралышы м-н коштолот. Бирок анын бийлиги узакка созулбайт, кайрадан кайтып келген Иисус Христос жеңишке жетишет, - деп айтылат.