БАГРАМЯН Иван Христофорович (Ованес Хачатурович)

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата new2022>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(20. 11(2. 12). 1897,  Азербайжан, Шамкир  р-ну, Чардахлы  кыш. – 21. 9. 1982, Москва) –  Сов. Союз.  Маршалы(1955),  эки  жолку Сов.  Союз.  Баатыры (1944, 1977).  М.  В.  Фрунзе  атн. Аскер  акедемиясын(1934), Генштабдын  аскер акедемиясын бүткөн.  1-дүйнөлүк  ж-а Граждандык  согуштун  катышуучусу.  1934-ж. Атчандар дивизиясынын  штаб  начальниги.  Улуу  Ата  Мекендик  согуш  мезглинде  Түш.-Батыш  фронтунда ыкчам  бөлүмдүн,  топтун,  фронттун  штаб  начальниги. Москва  салгылашында (1941 – 42),  Курск салгылашында(1943)   армиянын, 1943-ж. ноябрдан  1- Прибалтика  фронттунун  командачысы. Белорус  операциясына (1944),  Прибалтика операциясына(1944)  ж-а Чыгыш-Пруссия   операциясына(1955)  катышкан.  1945–55-ж. 3-Белорус фронтунун, АОнун командачысы,  1956–58-ж. Генштабдын  аскер  акедемиясынын  начальниги,  1958–68-ж.  СССР  Коргоо  Министринин  орун  басары – Куралдуу  Күчтөрдүн  ооругунун  начальниги.