АРАЛЫКТАН ОКУТУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:47, 25 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАЛЫКТАН ОКУТУУ – азыркы учурда байланыш техникасынын жетишкендиктерин пайдалануу м-н окуучуларга аралыктан үзгүлтүксүз билим берүү. Ал максатта телефондук байланыш, радио, телекөрсөтүү, спутник байланышы ж-а интернет түйүнү аркылуу компьютерлер пайдаланылат. Бул негизинен күндүзгү окутуу учурундагыдай эле мугалимдин окуучу м-н бол­гон байланышын камсыз кылат.