АНДАЛУЗИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:45, 24 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНДАЛУЗИТ(Испаниядагы Андалузия провинциясынын атынан) – минерал, силикаттар классына кирет. Хим. формуласы Al2Si205. Ромб сингониясында кристаллданат. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 6,5–7,5, тыгыздыгы 3130-3160 кг/м3. С. салм. 3,16-3,21. Өңүбоз, кызгылт боз, кызгылтым, кээде түссүз. Айнек сымал жалтырак, отко чыдамдуу. А. метаморфизмделген сланецтер м-н гнейстерде жолугат. Отко чыдамдуу керамикалык жука буюмдарды жасоодо пайдаланылат. Андан жогорку сапаттагы алюминий металын да алууга болот.�.