АК-ТЕРЕК-2 КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 Ош обл-нун Кара-Суу р-нуда. Ош ш-нан 10 км түш.-батыш та, деӊиз деӊг. 1170‒1350 м бийиктикте. 1984-ж. геол. чалгындоо иштери аткарылган. Кен неоген‒төмөнкү төртүнчүлүк мезгилинде пайда болгон борпоӊ кум-шагыл чөгүндүлөрүнөн турат. Кум-шагылдын калыӊдыгы 68 мден 90 мге чейин өзгөрөт. Кесек кошумча 18% кой таштан, 50% жумуруланган таштан, 26,5% кумдан турат; 0,14 ммден майдасы 5,14%. Кум-шагылды бетон даярдоого ж-а жол курулушунда пайдаланууга болот. Запасы В ‒ 6236 миӊ м3, С1 ‒ 6559 миӊ м3, В+С1 ‒ 12795 миӊ м3.