АРГОНАВТТАР
12:42, 15 Июль (Теке) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(гр., Arqonautai, от Arqo-кеменин аталышы ж-а nautes – деңизде сүзүүчүлөр) – байыркы грек мифтериндеги Колхидада ажыдаардын кайтаруусунда турган сыйкырдуу койдун алтын жүндүү терисин алып келүүгө аттанган легендарлуу баатырлар. Ясон (Иолктук) баштаган баатырлар терини алып келүү үчүн «Арго» кемесинде сапар тартышкан (ушундан улам А. аталган). Көптөгөн кыйынчылыктар м-н коштолгон укмуштуу окуяларды баштарынан өткөрүшүп, акыры алар сыйкырчы Медеянын жардамы м-н ажыдаарды уктатып, алтын териге ээ болушат да, аны Грекияга алып келишет. А. ж-дөгү миф гректердин дүйнөнүн белгисиз аймактарын таанып-билүүгө умтулуусун ж-а алардын байыркы мезгилдердеги Кара деңиздин жээктерине жасаган деңиз саякаттарынын тарыхын чагылдырат.