АРАЛАШ ЭКОНОМИКА
АРАЛАШ ЭКОНОМИКА– экономиканын мамл., кооперативдик ж-а жеке менчик максатка негизделген чарба жүргүзүү системасы.
Дүйнөдө А. э-нын бир нече түрү калыптанган:
өнөр жайы өнүккөн АКШ, Улуу Британия,Германия, Япония, Франция сыяктуу мамлекеттер индустриялуу А. э-га өтүүдө; 2) Чыгыш
Европа ж. б. өлкөлөрү мамл. коомдук түзүлүштөн соц. аралаш коомго айланууда; 3) Түш.Чыгыш Азия өлкөлөрүндө жаңы индустриялык
А. э-нын өнүгүү процесси жүрүүдө ж-а алардагы
капитал наркында мамл. контролдун ийкемдүү
формалары, өнөр жай ж-а анын тармактары
өсүп-өнүгүүдө; 4) Латын Америка өлкөлөрүндө
менчиктештирүүнүн темпине карабастан мамл.
экономикага аралашуу, макротурукташтыруунун пайдалуулугун өнүктүрүп, активдүү социалдык саясат жүргүзүү үстөмдүк кылууда.
Өнүккөн өлкөлөрдө көп максаттуу А. э. басымдуулук кылат ж-а анда жеке, мамл. менчик м-н катар муниципалдык, кооперативдик
ж. б. менчик түрлөрү да өнүккөн. Аталган А. э.
түрлөрүн ишке ашырууда аймактык, улуттук
ж-а жерг. шарттарды, элдин ар түрдүү социал�лдык топторунун мүмкүнчүлүктөрүн ж-а мүдөөлөрүн эске алуу маанилүү.
К
Кырг-нда капиталы бириккен ишканалар, акционердик коомдор бар. Алар чет элдик ж-а
мамлекеттер аралык менчик түрлөрүндө өнүгүүдө. А. э-нын максаты – өндүрүш м-н байланышта, ил.-тех., инвестициялык ж-а сервистик
тармактарда дүйнөлүк коомдоштук курамына
кирүү. Алардагы менчик ээлери өзү иштеп жаткан мамлекеттин мыйзамдарына ж-а нормативдик актыларына ылайык иш жүргүзүшөт.