АХМАТБЕКОВ Мусакун

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата new2022>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(22. 11. 1947, Нарын обл.,  Тянь-Шань  (Нарын)  р-ну, Калинин айылы) – агрохимия б-ча адис, а. ч. илимд. доктору  (2000), проф. (2002). КАЧИни ж-а Тимирязев атн. Москва а. ч. академиясын (1968),  КАЧИнин  аспирантурасын  (.....)  бүтүргөн. Эмгек жолун Кыргызстан дыйканчылык ИИИде  тармактык тажрыйба станцияларында улук ил.  кызматкер  болуп  иштеп  баштаган.  1972–75-ж.  КАЧИде доцент, кафедра башчысы. Учурда КУАУнун  топурак таануу, агрохимия ж-а дыйканчылык кафедрасынын башчысы. Анын  ил. из-лөрү  өсүмдүктөрдүн азыктануусу, топурактын, азык элементтердин,   жер семирткичтердин,  макро (NPK) ж-а микроэлементтердин (В, Zn, Mn) агрохимиясы, а. ч. өсүмдүктөрүнүн азыктануу системасы, экол. агрохимия ж-а агрохим. изилдөөнүн методикалары  б-ча. Кыргыз ССРинин   Жогорку  Советинин  Ардак грамотасы  м-н сыйланган. Анын  50дөн ашык ил. эмгектери, а. и. 1 монографиясы бар. Эмг.: Система удобрения культур свекловичного севооборота на сероземно-луговых почвах Киргизской ССР (рекомендации, в соавторстве). Изд. МСХ Кирг. ССР, 1984; Удобрения и продуктивность озимой пшеницы. – Б.: 1999.