АНГАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:21, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(фр. Hangar), учаккана – самолётту, вертолётту коюу, тех. тейлөө ж-а оңдоо

жүргүзүлүүчү жай. Жаа өткөөл ж-а рама констрдагы түрү кеңири таралган. Анын арышы көп учурда 100 мден ашык (2-3 самолёт батат). Анда самолёттор токтоо м-н бирге алардын белен жабдык бөлүктөрү сакталат, тех. тейлөө жумуштары ж-а оңдоо иштери жүргүзүлөт. Колдонулушуна жараша туруктуу (металл же болотбетон констр-дан), убактылуу (жыгачтан), жыйналма (болот же алюминий констр-дан) А-лар курулат. А. жүктөгүч-транспорт (жүктөгүч, араба ж. б.), байланыш, ишарат (сигнал), автоматтык өрт өчүрүүчү каражаттар ж. б. м-н камсыздалат.