БАКУ КОММУНАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:36, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата new2022_2vol>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 – Баку губерниясынын аймагында орнотулган Совет өкмөтү (25. 4. – 31. 7. 1918). Өкмөттүн курамы большевиктерден ж-а солчул эсерлерден түзүлүп, Баку Эл Комиссарлар Советинин төрагасы С. Г. Шаумян болгон. Ал бир катар маанилүү чараларды (нефть өнөр жайын, банктарды ж-а Каспий соода флотун мамлекеттештирүү, бай-манаптардын жерлерин конфискациялап, дыйкандарга берүү, 8 сааттык жумуш күнүн киргизүү ж. б. ж-дө декреттерди чыгарган) ишке ашыра баштаган. 1918-жылдын жай айларында Б. к-нын бийлиги Баку губерниясынын бир катар райондоруна кеңири жайылган. Бирок мусаватчылар колдогон түрк аскерлери Б. к-на каршы чабуул баштаган. 25-июлда Баку советинин заседаниесинде солчул эсерлер, меньшевиктер ж-а дашнактардын фракциялары коалициялык өкмөттү түзүү ж-а шаарды түрк аскерлеринен коргоо деген шылтоо м-н англиялыктардын отрядын (Персияда жайгашкан) Бакуга чакыруу  ж-дө резолюция кабыл алышкан. Баку большевиктери резолюцияга баш ийбей, Бакуну коргоону өз алдынча уюштурууну чечишкен. 31-июлда Бакудагы Совет бийлиги убактылуу кулатылган. 4-августа 1918-ж. Англиянын аскерлери Бакуну басып алган. Б. к. кулатылып, бакулук 26 комиссарды «Каспий аскер флотилиясынын Борбордук комитетинин диктатурасы» деген контррев-ячыл өкмөт камакка алган. Комиссарлар 1918-жылдын  20-сентябрында атылган  соң, бүткүл Закавказьени интервенттер м-н контррев-ялык күчтөр ээлеген. Азербайжанда Совет бийлигин калыбына келтирүү үчүн катуу күрөш улантылган. 1920-ж. Баку операциясынын натыйжасында Азербайжанда Совет бийлиги кайра орнотулган.