АНТОНИОНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:22, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Микеланжело (29. 9. 1912, Италия, Феррара ш. – 30. 7. 2007, Рим) – итал.

кинорежиссёр, сценарист. Болоньедеги экономика ж-а коммерция жогорку мектебин бүтүргөн, о. эле журналистика ж-а киносын б-ча да окутан. 1942-ж. режиссёр катары Францияда «Кечки келгиндер» (реж. М. Карне) фильминде стажер катары иштеген. «Трагедиялык аңчылык» (1947, реж. Д. Ж. де Сантис) ж. б. фильмдерге сценарий жазган. «Ак шейх» фильминин сюжетинин автору (1952, реж. Ф. Феллини). «Түн» (1960), «Тутулуу» (1962), «Кызыл чал» (1964), «Забрискипойнт» (1970), «Кесиби: репортёр» (1975) ж. б. фильмдерди жараткан. А. дээрлик бардык фильмдеринин сценарийинин автору. 1980-ж. «Обервальдцын сыры» (Ж. Коктонун «Эки баштуу бүркүт» пьесасы б-ча), 1982-ж. «Аялдагы окшоштук» телефильмин тарткан. Кинофильмдердин эл аралык сыйл. бир нече жолку лауреаты.