АЛИМОВ Сали

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:45, 1 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЛИМОВ Сали (1900, Ош обл., Сузак р-ну, Жар-Кыштак айылы ‒ 1992, ошол эле жерде) ‒ колхоз өндүрүшүн уюштуруучу, Соц. Эмг. Баатыры (1957). Кыргыз ССРинин дыйканчылыкка эмг. сиӊ. устаты (1945). Эмгек жолун 1930-ж. Ош обл-нун Сузак р-нундагы Киров атн. колхоздо катардагы колхозчудан баштап, кийин звено башчысы, 1945-жылдан ошол эле колхоздун башкармасынын төрагасы болуп иштеген. Ал жетектеген колхоз пахта өстүрүү б-ча мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен. 1955-ж. 935 га жер
АЛИМОВ75.png

деги пахтанын ар гектарынан 30,97 ц түшүм жыйналган. Коомдук малдын саны көбөйүп, кунардуулугу жогорулаган. 1950‒54-ж. СССР Жогорку Советинин, 1938‒51-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Эки Ленин ж. б. ордендер ж-а медалдар м-н сыйланган.