АГРОНОМИЯЛЫК КЕНТАШТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:37, 13 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата v1e2_72-116>Kadyrm тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

, а г р о н о- м и я л ы к с ы р ь ¸ л о р ‒ жер кыртышын жакшыртуу үчүн минералдык жер семирткич тер алынуучу тоотектер. А. сырь¸суна: фосфат (апатит кенташы ж-а фосфорит), калий (калий туздары), азоту бар айрым тоотектер, күкүрт (нефть ж-а табигый күйүүчү газдарды тазартуу да, коксохим. газдардын таштандыларында, түстүү металлургияда ж-а күкүрт кенташтарын да) ж.б. металл эмес пайдалуу кендер, тикеден-тике керектелүүчү (алдын ала майдалоодон кийин) ‒ мирабилит, бишофит, цеолиттер, торф, сапропел, гипс, карбонат тектери, чопо, кумдуктар ж. б. (жерг. А. к.) кирет. Микро жер семирткичтерди алууда кайрадан иштетил ген жез, цинк, кобальт, молибден, марганец ж-а бор кенташтарынын калдыктары колдонулат. Термин 1921-ж. Я. В. Самойлов тарабынан киргизилген. Фосфаттын дүйнөлүк чалгындал ган сырь¸сунун запасы (Р2О5) 100 млрд т (95%и фосфорит м-н байланыштуу), калий тузу (К2О) 13,2млрд т, күкүрт сырь¸су 1,1 млрд т (таза түрүндөгүсү) ж-а 1,3 млрд т (нефть ж-а газ түрүндөгүсү). Ад.: Бок И. И. Агрономические руды: 2-е изд. А-А., 1965; Агрономия. М., 1981.