АНДЕРСЕН-НЕКСЁ Мартин

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:59, 22 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНДЕРСЕН-НЕКСЁ Мартин (26. 6. 1869, Копенгаген -1.6. 1954, Дрезден) – дания жазуучусу. Адабий ишин 1893-ж. баштаган. Анын «Жеңишчил Пелле» (1906–10) романында 1-дүйнөлүк согуш жылдарындагы милитаризмге, шовинизмге каршы күрөш сүрөттөлгөн. Ал эми 2-дүйнөлүк согуш мезгилинде империализмди ашкерелеген «Кызыл Мортен» романын жазган. Ал дания адабиятында реализмдин өнүгүшүнө негиз салган. «Дитте – адам баласы» аттуу романы, аңгемелери, публицистикалык чыгармалары, «Эскермелер» (1932-39) повести бар. Адабияттагы эмгеги үчүн ага Германиянын өкмөтү Улуттук сыйлыгын берген. Айрым чыгармалары кыргыз тилине («Жанетта» романы, 1974, ж. б.) которулган.