АСКАРИДИОЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:50, 4 Июль (Теке) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

канаттуулардын– took, күрп, көгүчкөндөрдүн инвазиялуу ылаңы (нематодоздор тобундагы гелъминтоздор). Митеси ичегиде жашайт, көбүнчө балапандар ылаңдайт. Ургаачы аскариданын уз. 70–120 мм, эркегиники 26–70 мм. Ургаачысы уруктангандан кийин тооктун ичегисине жумурткасын таштайт. Жумуртка тооктун кыгы м-н сыртка чыгып, 10–18 күндөн кийин личинка пайда болот да, инвазиялуу болуп калат. Жумуртка жем, суу м-н тооктун ичине кирип, андан личинка чыгат да, ичегинин былжыр челине өтүп, 17— 18 күндөн кийин чоң гельминтке айланат. Ылаңдуу балапан арыктап, алы кетет, жакшы чоңойбойт. Дарылоодо пиперазин сульфаты, фенотиазин колдонулат. Хлорофос 50–80 мг/кг, гигромицин-Б кошуп берилет.