АРЫКТОО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:49, 4 Июль (Теке) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

, дистрофия– организмде зат алмашуунун бузулушунан пайда болгон патол. абал. А. организмдин ашыкча иштешинен, сапатсыз же жетишсиз тамактануусунан ж-a ар кандай оорунун кесепетинен болот. Адамдын организминде зат алмашуунун натыйжасында көп энергия пайда болуп, анын бир бөлүгү тиричилик үчүн пайдаланылса, калган бөлүгү запаска сакталат. Бул запас энергия АТФ (аденозинтрифосфат) түрүндө болот. Организмде АТФнын запасы өз убагында толукталбай, азайып кетишинен органдардын кызматы начарлап, адам арыктайт. Дарылоо анын себебине жараша жүргүзүлөт.