АРЧА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:49, 4 Июль (Теке) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

(Juniperus) – өсүмдүктөрдүн кипаристер тукумунун уруусу, дайыма жашыл ийне жалбырактуу дарак же бадал. Бийикт. 10-12, кээде 20-30 м. Эки үйлүү, айрымдары бир үйлүү; жаш өркүндөрүнүн жалбырагы ийне сымал, бара-бара түрпүгө айланат. Гүлдөрү майда, жазында гүлдөйт. Тобурчактары эттүү, жемишке окшош, ичинде үчтөн уругу бар. Өтө жай, 500-1000 жыл өсөт. Жыгачы катуу, көпкө чирибейт. А. жарыкчыл, кургакчыл, суукка чыдамдуу, тамыры терең ж-а жайылып өсүп, жер алдындагы сууну ж-а азык заттарды сиңирет. Ал туздуу деңиз жээктеринен тартып бийик тоо сырттарына, Түндүктүн саздуу токойлоруна, акиташтуу бийик тоо кыркаларына чейин кездешет. Кырг-нда 10 түрү өсөт.

Арчанын бир бутагы.


А. токойлору Жер Ортолук деңиз жээктеринде, алдынкы ж-а Борб. Азияда, Түн. Американын кургакчыл түштүгүндө ж-а Мексикада, ал эми реликт катуу А. Японияда, Кореяда, Батыш Кытайда таралган. Россиянын токой ж-а токойлуу тундра зонасында, о. эле Крым, Кавказ, О. Азия, Ы. Чыгыш тоолорунда өсөт. А. токойлорунун мааниси зор; тоо капталдарын көчкүдөн, селден сактайт; жерде нымдуулукту кармап, түрдүү өсүмдүктөрдүн өсүшүнө шарт түзөт. Жыгачы катуу болгондуктан курулушта, кеме, автомобиль, эмерек, калем жасоодо колдонулат.