АРХЕГОНИЙ
Jump to navigation
Jump to search
(гр. arche – башталыш ж-а gone -
төрөлүү, туулуу) – мамык чөп, плаун, кырк муун,
папоротник ж-а жылаңач уруктуу өсүмдүктөрдүн энелик жыныс органы. А-дин төмөн
жагы көп клеткалуу, жазы, анда ири энелик
клетка, анын үстүндө канал клеткасы жайгашкан. Жогору жагы моюнчасы деп аталат. Анда
моюн канал клеткалары жайгашат. Энелик
клетка жетилгенде төмөнкү жагы м-н моюнча
канал клеткалары аттракнат деп аталган жыныс клеткалуу былжырга айланат. А. чоку
жагынан ачылат. Былжырлуу канал аркылуу
сперматазоиддер энелик клетканы уруктандырат. Мындай өсүмдүктөр А-лүү өсүмдүктөр деп
аталат. Эволюция процессинде А. жөнөкөйлөнүп
отуруп, гүлдүү өсүмдүктөрдө болбойт.