АСФАЛЬТ-БЕТОН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:06, 14 Апрель (Чын куран) 2022 карата Jortbek (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 , а с ф а л ь т - б е т о н у ‒ шагыл, кум, минерал күкүмүнүн (майдаланган акиташ, доломит ж. б.) битум м-н болгон аралашмасынан алынган курулуш текзаты (материалы); аралашмага шагыл кошулбаса, асфальт эритмеси деп аталат. Ал даярдалышына ж-а төшөлүү учурундагы темп-расына карай ы с ы к (120°Сден жогору), ж ы л у у (50‒100°С), м у з д а к (5°Сден кем эмес) болуп бөлүнөт. Бул түрү сактоочу жайда 8‒10 ай сакталат. А. б-го суу жукпайт ж-а өтпөйт. ‒15°Сде анын бышыктык чеги 15‒20 МПа, 20°Сде 2‒3 МПа, 50°Сде 0,8‒1,2 МПады түзөт. Климаттын өзгөрүшүнөн ж-а эксплуатациялоо факторлорунан А-.б. эскирип, коӊторулууга дуушарланат. Азыркы технология б-ча рециклер машинасы аны регенерациялайт, б. а. коӊторулгандарын экинчи ирет кайра иштетет. Автомобиль жолу, жанжол, аэродром ж-а көпүрөлөргө, өнөр жай имараттарынын таманына төшөлөт. Битумдун илээшкектигине (жакшы, начар, суюк) ж-а төшөлүү учурундагы темп-расына карай ы с ы к (120°С), ж ы л у у (40‒80°С), м у з д а к (10°), кошула турган техзаттын кесектиги б-ча к е с е к, о р т о  ж-а  м а й д а  д а н д у у, о. эле к у м д у у А.-б. болуп ажыратылат.