АПОПТОЗ
АПОПТОЗ (апо'... ж-а ptosis – түшүү, басаңдоо) – клеткалардын генет. аныкталган программа б-ча өзүнөн-өзү бузулуу процесси; тышкы же ички өзгөрүүлөргө жооп иретинде болот, клетканын программаланган өлүмүнүн бир түрү. Кокусунан жабыркаган клетканын өлүшүнөн айырмаланып, А. кадимки физиол. процесс болуп эсептелет. А. бардык көп клеткалуу эукариотторго мүнөздүү. Ал ачыткычтарда байкалып, клетка�лардын популяциясынын тең салмактуулугун сактоодо мааниге ээ. Көпчүлүк учурда А. биологияда самурай законунун көрүнүшү болуп сана�лат. Ал закон б-ча тирүү система өзүн жок кылуу механизмине ээ. Анда ал өзүнүн функциясын аткара албай, системага керексиз болгондо учурайт. Клетканын программаланган өлүмү биологияда эмбриондук өрчүү механизминин бири катары (мис., көнөк баштын куйругунун жоголушу ж. б.) белгилүү. А. концепциясын жалпы биол. программа катары англ. окумуштуулар Дж. Керр, А. Вилли ж-а А. Кьюри түзүшкөн ж-а терминди сунуш кылышкан. А . программасынын иштебей калышы рак ж-а аутоиммун ооруларынын өрчүшүнө алып келет. А-дун коргонуу функциясына вирус жуккан же стресстен жабыркаган клеткалардын өзүн-өзү жок кылышы да кирет. Бул механизм инфекциянын өсүшүн, генет. өзгөргөн клеткалардын пайда болушун токтотууга багытталган. Татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдө илдет жуккан жер�ан жердин айланасындагы клеткалардын өлүшү инфекциядан коргонуусу болуп саналат. Жабыркаган ткандын айланасындагы клеткалардын ашыкча A-у жүрөктө инфаркт, мээде инсульт ж. б. ооруларга алып келет. Нерв клеткаларыынын A-у нейродегенерациялык ооруларга (мис., паркинсон), ал эми лимфациттердегиси ИЖОСтун (СПИДдин) өрчүшүнө негиз болушу ыктымал. Б. Бегалиева.