АППЕТИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:28, 15 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АППЕТИТ (лат. appetitus – табит ачылуу) – адамдын тамак ичүүнү каалоо сезими. Көпкө тамак ичпесе ачкалык сезими байкалат. А. борб. нерв системасынын белгилүү бөлүгүнүн козголуусунун натыйжасында пайда болуп, шилекей, тамак сиңирүү маңызынын бөлүнүп чыгуусун, карын, ичеги кыймылын күчөтүп, та�­мак сиңирүү органдарын тамакты кабыл алууга даярдайт. Даамдуу даярдалган тамак, анын көрүнүшү, жыты, дасторкондун кооз даярдалышы А-ти күчөтөт. Тескерисинче тамактын жагымсыз жыты, түрү аны начарлатып, тамак сиңирүү органдарынын ишине терс таасир тийгизет. Тамактануу эрежесин туура сактаган адамдардын организми тамак сиңирүүчү манызды белгилүү мезгилде ж-а өлчөмдө бөлүп чыгарууга ыңгайланат. Тамактануу эрежесин бузуу, тамактануу мезгилинде ар кандай алагды кылуучу факторлор А-тин бузулушуна, ичеги-карын жолунун ж-а зат алмашуунун ооруларына алып келет.