АПЕЛЬСИН
Jump to navigation
Jump to search
(Citrus sinensis)– руталар тукумунун цитрус уруусундагы дайыма жашыл мөмө
дарагы. Бийикт. 7-12 мге жетет. Жапайы түрү
белгисиз. Мекени Индия ж-а Түш.-Чыгыш Азия.
Жалбырагы сүйрү,
гүлү кош жыныстуу,
ак, жьггтуу, жалгыздан же чачы топ гүлгө чогулган. Мөмөсү
уруктуу, салм.
300-600 г, өңү сары,
жыттуу, таттуу же
кычкыл, ширелүү.
Курамында кант,
лимон к-тасы, аскорбин к-тасы, А, В, Р
витаминдери, кальций, калий, фосфор
туздары бар. Мөмө кабыгында ж-а жалбырагында эфир майы болот. Ал 75 жылга чейин
мөмө байлайт. Сортторунун 4 тобу белгилүү.
Мөмөлөрүнүн түсү ар түрдүү. Көп сорттору 4 миң
жылдан бери Бирманын чыгышы ж-а Кытайдын түш.-батышында, тропик ж-а субтропикте, ал эми Европада (Кавказда, Крымдын Кара
деңиз жээгинде) 15-к-дан бери өстүрүлөт.