АНТРОПОЦЕНОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:09, 15 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТРОПОЦЕНОЛОГИЯ (антропо'... ж-а гр. kainos – жалпы, logos – окуу) – адамды өзгөчө биосоциалдык түр катары кароо м-н анын ке­лип чыгуусун, эволюциясын, курчап турган чөйрөгө таасир этүүсүнүн жалпы закон ченемдүүлүктөрүн аңдап билүү. Адамдын көбөйүшү, ил. техниканын өнүгүүсү м-н курчап турган чөйрөгө терс таасирлер көбөйүүдө. Адам өзүнүн жашоосун жакшыртуу үчүн жаратылыш байлыктарын эбегейсиз көп ж-а үнөмсүз пайдаланат. Андыктан, атмосфера, гидросфера, литосфера булганып, жаратылыш байлыктары улам азаюуда. Бирок, барган сайын «адамдын автотрофтуулугу» жогорулоодо.о.