АНТРОПОНОЗДОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:59, 15 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТРОПОНОЗДОР (антропо'... ж-а гр. nosos - оору) – адамга гана таандык жугуштуу (инфекциялык) ж-а мите оорулар. Алардын козгогучтары эволюция процессинде адам организминде мителик кылууга ыңгайланган. Оору козгогучтарын (бактерия, вирустар, гельминттер ж. б.) өз организминде «ташып» (алып) жүргөн киши оору булагы болуп эсептелет. А-го ич келте, келте, холера, дизентерия, аскаридоз, полио­миелит (баланын шал оорусу), кептөөр, көк жөтөл, кызамык, кызылча, суу чечек, чечек, сакоо,

кайталанма келте, безгек, чүчөк ж. б. кирет.