АНТРОПОЗООНОЗДОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:51, 15 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТРОПОЗООНОЗДОР (антропо... ж-а гр. zoon — жаныбар, nosos – оору, ылаң, илдет), з о о а н т р о п о н о з д о р – адам м-н малга жалпы тиешелүү жугуштуу ж-а инвазиялуу оору, ьлаң. Буга туберкулёз, сибирь кулгунасы, бруцеллёз,

шарп, кутурма, чума, туляремия, эхинококкоз,  трихинеллёз ж. б. кирет. Алардын козгогучу
ыландаган же таза малда да болот. Ылаң адам­га көбүнчө малдын кайнатылбаган сүтүн, чала бышкан этин пайдаланганда, ылаңдуу малды бакканда, вет. жардам көрсөтүүдө ж. б. жугат. А-дон айырмаланып зооноздор малдын (бодо мал, кой, эчки, чочко ж. б.) гана ылаңын козгоп, адамга жукпайт. А-дун көбүнүн (тулярере­мия, чума ж. б.) табигый очогу – ылаң чыккан жер. Анда ьлаң козгогуч жаныбарлардын (суур, чычкан, курт-кумурска ж. б.) биринен экинчисине өтүп сакталат. Алдын алуу: А-ду өз убагында аныктап, оорунун очогун жок кылуу,  илдеттүү малды бөлүп багуу, вакциналоо, кан  сары суусун куюу, карантин чектөө.