АНТРАХИНОН БОЁКТОРУ
– антрахинондун
амин ж-a оксибирикмелери. Хим. жактан туруктуу, өңү ачык ж-a жарыктын таасирине чыдамдуу. Түрдүү түстөгү а-амин- А. б. кенири таралган. Амин тобундагы суутектин атомун арил же алкил тобуна алмаштыруудан А. б-нун түсү кочкулданат; амин тобун ацилдөө боёкту ачык түскө алып келет ж-a целлюлоза, белок, булаларын боёо жөндөмдүүлүгүн арттырат. Аминантрахинондор ж-a анын туундулары дисперстик боёктор, ал эми сульфотоптору болсо к-талык боёктор катарында колдонулат. Кээ бир N орун алмашкан 1,4-диамин антрахинондор - катиондук ж-a активдүү боёктор. 1,4-бис-ариламин-антрахинон жарыктын, суунун таасирине туруктуу, синтездик булаларды боёодо колдонулат. Ал эми анын дисульфобирикмелери к-талык боёк болуп эсептелинет. Жарыкка чыдамдуу, оңбой турган пигменттер катары полиграфияда, боёк даярдоодо ж. б. пайдаланылат.