АНТЕРИДИЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:21, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(гр. antheros – гүлдөгөн) – споралуу өсүмдүктөрдүн (балырлар, мамык чөптөр)

ж-а кээ бир козу карындардын (аскомицеттер, хитридиомицеттер) аталык жыныс органы. А-де сперматогендик клеткадан кыймылдуу (кызыл балырларда кыймылсыз) аталык гамета - сперматазоиддер пайда болот. Татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдө сүйрү же тоголок денече түрүндө болуп, капталы бир же бир нече катмар стерилдүү клеткалардан турат. Аскомицеттерде А. айрым гаметаларга бөлүнгөн, анын ичиндеги суюктук энелик клетканы уруктандырат.