АНОМАЛИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:21, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(гр. anomalos – нормадан башкача) медицинада – айрым органдын же

бүтүндөй дененин өсүп жетилүүсүндө аларга мүнөздүү эмес түзүлүштүн пайда болушу. А-га кээ бир мүчөнүн өспөй калышы, начар жетилиши же өтө өсүп кетиши, эрин, таңдай жырыгы, тубаса жалгыз бөйрөк, жүрөктүн оң жакка жайгашышы, тубаса начар ипггеши ж. б. кирет. Төрөлгөн миң баланын онунда А. кездешет. А-га ген., мех., физ., хим., радиациялык факторлордун, о. эле жугуштуу ооруларды козгоочу микробдордун түйүлдүккө тийгизген залалы алып ке-лет. Анын оор түрүнө тубаса майыптык кирет.